Шаардын Жылуулук тармактар башкармалыгы комментарий берген жок, бирок “Барки Точик” энергохолдинги мындай көйгөй бар экенин тастыктап, Өзбекстан газ берүүнү кыскартканы – мунун башкы себептеринин бири экенин билдирди.
Буга байланыштуу жашоочулар кошумча электр жылыткычтарын колдонушуп, чыгымдары көбөйүүдө.
Өзбек бийлиги өткөн аптада ички тартыштыктан газ экспортуна чектөө киргизген.
Суук түшкөнү Өзбекстанда да энергетикалык каатчылык күчөп, газдын жана жарыктын өчүп жатышы элдин нааразылыгын жаратууда. Башкалаа Ташкенттин тургундары үйлөрү жылыбай жатканын социалдык түйүндөрдө жазып, бийликти буга чара көрүүгө чакырууда.