Ссылки доступа

Твиттердин мурдагы кызматкери Эр-Рияддын пайдасына тыңчылык кылганы үчүн соттолду


Ахмад Абуаммо
Ахмад Абуаммо

Сан-Францискодо сот Твиттердин мурдагы кызматкери Ахмад Абуаммону Сауд Арабиясынын пайдасына тыңчылык кылуу айыбы менен үч жарым жылга эркинен ажыратты. Reuters кабарлагандай, прокурор аны жети жылга түрмөгө кесүүнү сураган.

Абуаммо 2013-2015-жылдары Твиттерде иштеген. Тергөөнүн версиясы боюнча ал сауд диссиденттерин аңдып, алардын жеке маалыматтарын Сауд Арабия бийлигине берип турган.

Абуаммо кесиптеши менен бирге Твиттердин алты миң колдонуучусунун жеке маалыматтарын пайдаланган. Бул иш үчүн ал сауд бийлигинен 200 миң доллар жана кымбат саат алган.

Прокурорлордун пикиринде, колдонуучулардын – негизинен Сауд Арабия жана Түндүк Африканын белгилүү адамдары менен журналисттеринин жеке маалыматтарын пайдалануу – аларды бийлик алдында алсыраткан. Абуаммо сауд бийлигине журналист Жамал Хашоггинин ишенимдүү өкүлү жана диссидент Омар Абдулазиздин маалыматтарын да жөнөтүп турган.

The Washington Post басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогги 2018-жылы Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген. АКШ чалгыны журналистти кармоо жана өлтүрүү операциясын сауд бийлиги уюштурган деп эсептейт. Эр-Рияд бардык айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG