Ссылки доступа

Алматыда Oyan, Qazaqstan кыймылынын бир нече активисти кармалды


16-декабрда Алматыда Oyan, Qazaqstan жарандык кыймылынын алты активисти кармалды.

Активист Асем Жапишева полиция кыймылдын мүчөлөрү Боту Шарипжанды, Нагашыбек Бекдаирди жана Бауржан Адильханды үйлөрүнөн кармап кеткенин Facebook баракчасына жазды. Көп өтпөй ал өзү да кармалганын билдирди.

Oyan, Qazaqstan'дын дагы бир активисти Мира Унгарова Ауэзов райондук полиция бөлүмүнө жеткирилгенин, ага "тынч митингдерди өткөрүү тартибин бузуу" айыбы тагылганын кабарлады.

Ушул эле күнү эртең менен кыймылдын мүчөсү Бейбарыс Толымбековду кармап кетишкен. Азырынча анын эмне себептен кармалганы белгисиз.

Өткөн жылы да 16-декабрда Oyan, Qazaqstan кыймылынын активисттери кармалып, бир нече сааттан кийин кайра бошотулган.

Oyan, Qazaqstan кыймылын жаштар 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин түзүшкөн. Анын мүчөлөрү саясий реформаларды, реалдуу көп партиялуулукту жана адилеттүү шайлоолорду жактайт.

Акыркы кездери Казакстанда Эгемендик күнү белгиленген 16-декабрда жыл сайын активисттер кармалат. Алар бийлик мындай жол менен Желтоксан жана Жаңы-Өзөн окуяларына байланыштуу нааразылык акцияларды болтурбоого аракет кылып жатат деп эсептешет.

1986-жылы совет бийлиги республиканын жетекчилигине 1964-жылдан бери иштеп келген Динмухамед Кунаевдин ордуна Геннадий Колбиндин дайындалышына каршы чыккан казак жаштарынын акциясын күч менен таркаткан.

2011-жылы 16-декабрда бийлик Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында бир нече айдан бери акция өткөрүп жаткан мунайчыларды ок атып таркаткан. Алар айлыктарды жогорулатууну жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылып иш ташташкан. Расмий маалыматтар боюнча Жаңы-Өзөн окуяларында 17 киши өлүп, жүздөн ашык адам жаракат алган. Жергиликтүү тургундар менен укук коргоо уюмдары чынында каза болгондор кыйла көп болгонун айтып келишет.

XS
SM
MD
LG