Ссылки доступа

Алматыда белгилүү журналист Михаил Козачков кармалды


Казакстанда "Время" гезитинин журналисти жана Kozachkov offside телеграм-каналынын автору Михаил Козачков кармалды. Бул тууралуу 18-декабрда өлкөнүн Каржы көзөмөл агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, журналист экс-президенттин иниси Болат Назарбаевдин "жардамчысы" аталган Елдос Коспаевдин кылмыштуу тобунун рейдерлик ишине көмөктөшкөн деп шектелүүдө.

Агенттик Коспаев "рейдерликти ишке ашыруу үчүн жабырлануучуларга каршы маалыматтык чабуулда Козачковдун кызматынан пайдаланган" деп санайт. Мекеменин билдирүүсүндө мындай кызматы үчүн ал "уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнөн" 52 миллион теңге алганы айтылат.

Козачковдун адвокаты Анна Веретельникова учурда тергөө амалдары жүрүп жаткан журналисттин батирине кире албай жатканын билдирди. Журналисттин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Козачковго юридикалык жардам берүүгө даярдыгын билдирген "Адил сөз" Каржы көзөмөл агенттиги тараткан билдирүү өлкө Конституциясын жана күнөөсүздүк презумпциясын бузуп жатканын жарыялады.

2022-жылкы Январь окуяларынан кийин экс-президент Нурсултан Назарбаевдердин таасири азайып, анын үй-бүлө мүчөлөрү биринен сала бири кызматтан кеткен. Айрымдары камакка алынган. Мунун фонунда бир нече ишкерлер Болат Назарбаевдин рейдерлик аракеттерине туш болгонуна даттанып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG