Ссылки доступа

Кассациялык сот тажик журналисти Завкибек Саидамининин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды


Душанбе шаарынын кассациялык соту 38 жаштагы журналист Завкибек Саидаминиге карата чыккан айыптоо өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу анын бир тууганы Сано Саидамини билдирди.

Журналист быйыл ноябрдын башында Исмоили Сомони райондук сотунун чечими менен жети жылга эркинен ажыратылган. Сот аны өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" жана "Группа 24" кыймылы менен кызматташууга күнөөлүү деп тапкан.

Сотто Завкибек Саидамини тергөө иштерин жана соттук териштирүүлөрдү "бир тараптуу жана объективдүү эмес" деп атап, бир да саясий кыймылга мүчө эмес экенин билдирген.

Сано Саидамини бир тууганы бардык сот баскычтарына доо арыз менен кайрылып, күнөөсүз экенин далилдөөгө ниеттенип жатканын кошумчалады.

Завкибек Саидамини быйыл июль айында кармалган. Кезинде мамлекеттик телеканалда иштеген журналист акыркы жылдары социалдык түйүндөр аркылуу бийликтин айрым аракеттерин сындап келген. Эл аралык укук коргоо уюмдары ага карата чыккан айыптоо өкүмүн сынга алышкан. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) журналисттин соттолушун Тажикстандагы сөз эркиндигине кол салуу деп атаса, Журналисттерди коргоо комитети тажик бийлигинен аны эркиндикке чыгарууну талап кылган.

Акыркы жарым жылдын ичинде Тажикстанды жети блогер жана журналист кармалды. Бүгүнкү күндө алардын көбүнө өкүм чыгып, камакта отурушат.

XS
SM
MD
LG