Ссылки доступа

Өзбекстанда Сенат төрайымынын үйүнөн 12 500 доллар уурдалган


Танзила Нарбаева

Өзбекстан парламентинин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Нарбаевага таандык батирден 12 500 доллар уурдоого шектелген эки аял кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мамлекеттик жана өкмөттүк аткаминерлер турган өзгөчө кайтаруудагы үйдө Нарбаеванын кызы Нилюфар Камалова үй-бүлөсү менен жашаган. 25-ноябрда укук коргоо органдарына батирден 12 500 доллар жоголгону боюнча кабар түшкөн. Бул факты боюнча "Ири өлчөмдөгү уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Шектүүлөрдүн бири Камалованын үйүндө бала багуучу болуп иштеген 1985-жылкы Д.Т. аттуу келин болгон. Ал тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери аны кыйноого алып, психологиялык басым жасаганын билдирүүдө.

Анын айтымында, Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагында аны сабап, түрдүү физикалык көнүгүүлөрдү жасоого мажбурлашкан. "Андан кийин алар менден чечинүүнү талап кылып, жылаңач сүрөтүмдү күйөөмө жөнөтө тургандыктарын айтышты", – деп жазган шектүү прокуратурага жөнөткөн даттануу арызында.

Сенат төрайымынын үйүндөгү уурулук тууралуу алгачкылардан болуп укук коргоочу Абдурахман Ташанов социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жазган. Анын айтымында, Танзила Нарбаеванын өзү кызы жашаган батирдеги бул окуя боюнча эч нерсе билген эмес.

Бул тема соцтармактарда кызуу талкууга алына баштагандан кийин Нилюфар Камалова уурулук фактысы боюнча милицияга жазган арызын чакыртып алган. Мындан тышкары шектүү келин эркиндикке чыгарылып, кылмыш ишин токтотуу боюнча процессуалдык аракеттер жүрүп жатканы кабарланды.

Видео

XS
SM
MD
LG