Москва облустук прокуратурасынын маалыматына караганда, эмгек мигранттары Подмосковьеде кытайлык бай үй-бүлөнүн хан сарайында иштеп жүрүшкөн. 13-декабрда бөлмөлөрдүн бириндеги түтүктөн газ чыгып, уйкудагы тажикстандыктар ууланып өлгөн. Үйдүн ээси хан сарайды тапшырып кеткен Лю Чен аттуу кытай жараны аман калып, тез жардам чакырууга үлгүргөн.
Ал ортодо Шоира Рахимкулованын жакындары анын сөөгүн мекенине алып кете албай жатышканын билдирүүдө.
"Орусияда тааныштарыбыз жок, сөөктү кантип алып кетүүнү билбей жатабыз. Шоира күйөөсү менен Тажикстанда жүргөндө эле ажырашып кеткен. Орусияга кытайлык байдын үйүндө иштөө үчүн кеткен. Ошол эле маалда ал Тажик улуттук универвитетинде сырттан окуп, окуусуна акча топтоп жүргөн", – деди маркумдун эжеси Парвина Абдуллоева.
Жыл сайын Орусиядан Тажикстанга түрдүү кырсыктардан каза болгон миңдеген тажик жаранынын сөөгү келет.