Ссылки доступа

Назарбаевдин инисинин мурдагы аялы Гүлмира Сатыбалдынын иши боюнча тергөө аяктады


Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кайрат Сатыбалдынын мурдагы аялы Гүлмира Сатыбалдыга карата "Адам уурдоо жолу менен ишканын үлүшүнө мыйзамсыз ээлик кылуу" ишиндеги эки факты боюнча тергөө аяктаганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул иш боюнча жабырлануучуларга келтирилген чыгым 6,6 миллиард теңгени (азыркы курс боюнча 14,1 миллион доллар) түзгөн.

15-декабрда шектүүлөрдү сотко өткөрүп берүү үчүн кылмыш иши айыптоо актысы менен прокуратурага жөнөтүлгөн.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына караганда, Гүлмира Сатыбалды, ал көзөмөлдөгөн "Ария-Жана Астана" компаниясынын жетекчилиги жана мамлекеттик органдардын аты-жөнү айтылбаган кызмат адамдары "Объектилерди курууга бөлүнгөн бюджеттик каражатты кымыруу" беренеси боюнча да шектелүүдө. Тергөө маалында мамлекетке келтирилген зыян толугу менен калыбына келтирилген. Бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери аяктап, таанышуу үчүн шектүүлөр менен адвокаттарга берилген.

Мекемеден Гүлмира Сатыбалдыга карата "бизнести тартып алуу жана адамды мыйзамсыз эркинен ажыратуу иштеринин башка эпизоддору боюнча" да тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Гүлмира Сатыбалдыга каршы тергөө иштерин март айында анын мурдагы күйөөсү, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды кармалгандан көп өтпөй баштаган. Алгач ал 747 миллион теңгени кымырып алууга шектелсе, кийин бир катар ишканалардын үлүшүнө мыйзамсыз ээлик кылуу, адам уурдоо жана мыйзамсыз эркинен ажыратуу фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланган.

Кайрат Сатыбалды "Казактелеком" жана "Транспорттук сервис борбору" компанияларынан он миллиарддаган теңге кымыруу айыбы менен алты жылга эркинен ажыратылган. Соттун жүрүшүндө ал бул компанияларга келтирилген чыгымды төлөп бергени айтылган.

Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, Назарбаевдин иниси Казакстандын эң таасирдүү ишкерлеринин тизмесине кирген. Кандуу январь окуяларынан кийин Назарбаев жана анын айланасындагылар мурдагы таасирин жоготуп, экс-президенттин туугандары жогорку кызматтарынан алынып, айрымдары акча кымырууга жана рейдерликке айыпталып камакка алынган.

XS
SM
MD
LG