Ссылки доступа

Тунисте "ийгиликсиз" өткөн парламенттик шайлоодон кийин оппозиция президенттин отставкасын талап кылууда


Мөөнөтсүз парламенттик шайлоонун алдындагы оппозиция тарапташтарынын митинги. Тунис
Мөөнөтсүз парламенттик шайлоонун алдындагы оппозиция тарапташтарынын митинги. Тунис

Тунисте 17-декабрда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого добуш берүү укугуна ээ жарандардын тогуз пайызы гана катышты.

Өлкөнүн Шайлоолор боюнча көз карандысыз жогорку органынын өкүлү Тлили Мансри белгилегендей, болжолдуу маалыматтар боюнча добуш берүүгө каттоого алынган 9 миллиондон ашык шайлоочунун 804 миңи гана келген.

Бир нече партиялардан жана саясий күчтөрдөн турган "Улуттук куткаруу фронту" оппозициялык альянсы бул көрүнүштү "жер титирөө менен салыштырды".

Альянс добуш берүүгө шайлоочулардын аз катышканына байланыштуу президент Каис Саидди отставкага кетүүгө чакырды. Бул тууралуу журналисттерге бириккен оппозициянын лидери Нежиб Чебби билдирди. Анын айтымында, бул шайлоодон кийин мамлекет башчысы өзүнүн легитимдүүлүгүн жоготту.

Шайлоодо 161 депутаттык мандат үчүн 1 миңден ашык талапкер ат салышкан. Депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылды түзөт.

Оппозиция бул добуш берүү бийликти бир адамдын колуна топтогон саясий системаны түзүүгө багытталганын билдирип, шайлоого бойкот жарыялаган.

Ишемби күнү өткөн шайлоо былтыр президент парламентти таркатып жибергенден кийинки алгачкы парламенттик шайлоо болду. Анда Тунис оппозициясы Каис Саиддин бул аракетин айыптап, аны "төңкөрүш" катары мүнөздөгөн. Өз кезегинде президент бул "коррупциялашкан саясий элитага" каршы күрөшүү үчүн керек болгонун билдирген.

Тунистиктердин көбү мурдагы президент Зин эль-Абидин Бен Алинин бийлиги кулатылган 2011-жылдагы революциядан кийин өлкө кайрадан авторитаризмге баратат деп тынчсызданууда.

Бул парламенттик шайлоо – быйыл 25-июлдагы референдумдун жыйынтыгы менен кабыл алынган өлкөнүн жаңы Конституциясы боюнча өтүп жаткан алгачкы шайлоо.

Тунистин жаңы баш мыйзамына ылайык, парламент эми бийликтин өзүнчө көз карандысыз бутагы эмес. Ал президенттин көзөмөлүндө болуп, анын ишмердүүлүгүн колдойт. Шайлоолор тууралуу жаңы мыйзам боюнча депутаттыкка партиялар эмес, жарандар гана өз алдынча ат салыша алат. Талапкерлер үгүт иштеринин жүрүшүндө партиялардын эн белгилерин колдонсо болот, бирок кайсы бир саясий партиядан каржылык колдоо ала албайт.

XS
SM
MD
LG