Бул тууралуу Өзбекстан президентинин администрациясынын байланыш жана маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Саида Мирзиёева билдирди.
"Бүгүнкү күндө мугалимдер – бул мамлекеттик иш-чаралардагы кызматкерлер, үйлөр боюнча статистика топтогон бекер жумушчулар, багбан, тазалык кызматкери, мектепке келген комиссияларды тейлеген официант жана ашпозчу, социалдык тармактардын жумушчу топторунун мүчөлөрү, зээриктирген иш-чараларда бош залды толтурган "массовка", тургундардан насыя жана салыктарды чогулткан киши, кимдир бирөөнүн үй-бүлөсүндөгү кандайдыр бир терс окуя же тарбиясыз балдар үчүн жоопкер болгон түнкү нөөмөтчү жана мектеп күзөтчүсү. Мындай учурда мектеп, сабак эмне болот? Өлкөдө билим берүүнү өнүктүрүү мүмкүнбү?", - деди Мирзиёева.
Президенттин кызы мыйзам долбоору качан кабыл алынары жөнүндө так айткан жок. Мугалимдерге карата мамилени өзгөртүүнү Саида Мирзиёева өткөн айда да сунуштаган.