Ссылки доступа

Өзбекстанда жүк поезди Каспий жана Кара деңиз аркылуу жолго чыкты


Өзбекстандан Каспий жана Кара деңиз аркылуу жүк тарткан биринчи поезд Европага жөнөтүлдү. Жез жүктөлгөн поезд Орусияны айланып өткөн жаңы каттам менен Болгариянын Бургас портуна баратат.

16-декабрда Алмалык тоо-металлургиялык комбинатынан жөнөгөн поезд 46 вагондон жана 20 фунттук жез концентраты жүктөлгөн 91 контейнерден турат.

«Узтемирйулконтейнер» ишканасынан билдиришкендей, поезд «Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Болгария/Европа» багытында 4000 чакырымдан ашык аралыкты басып өтөт.

Бул поезд каттамы Түркмөнстандан ТЛЦТ, Азербайжандан ADY Container LLC жана Грузиядан GR Logistics and Terminals сыяктуу чет элдик өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылган. Жүк ташуу жана кызматташууга байланыштуу кеңири маалымат берилген жок.

Reuters агенттиги жазганына караганда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) өткөн айда Европа менен Азиянын ортосундагы Орусияны айланып өткөн жүк каттамдарын өнүктүрүүгө миллиарддаган евро салууга даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG