19-декабрда Абдусаттор Пирмуҳаммадзоданын туугандарынын бири блогердин соту өткөн аптанын аягында жанданганын прокурор аны жети жылга кесүүнү сураганын айтты.
“Бизде башка маалымат жок, эч ким биз менен сүйлөшкүсү келбейт”, - деди ал.
Белгилүү журналист жана блогердин соту 13-октябрда башталган. Андан эки апта өткөндөн кийин Пирмухаммадзода кыйноого кабылганын кабарлаган.
"Кайсы бир учурда ток менен кыйнаганынан жашагым да келбей кеткен. Милиция кызматкерлери менен тергөөчүлөр мени ур-токмокко алып, "жасалма айыптоолорду" мойнума алдырууга аракет кылышты. 8-9 күн кыйнап, кемсинтип, толук изоляциялап, үй-бүлөмдү айтып коркуткандан кийин кылбаган кылмышты мойнума алууга аргасыз болдум. Физикалык басым алдында "оппозиция лидери Мухиддин Кабири менен байланышта болуп, аны менен Тажикстанда революция кылууга даярдык көргөм" деп камерага айтып бердим".
Душанбе шаарынын Исмоили Сомони шаардык соту журналист жана блогер Абдусаттор Пирмухаммадзоданын ишин кароону убактылуу токтоткон. Сот Тажикстандын Башкы прокуратурасынан соттолуучунун ИИМдин Вахдат шаары боюнча бөлүмүндө кыйноо көргөнү боюнча арызын текшерүүнү сураган. Анын жыйынтыгы кандай болгону белгисиз.
44 жаштагы блогер 9-июлда Вахдат шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Ага каршы "Экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык жасоо жана экстремизмди актоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.