“Түркмөнбашыда эл каттоо башталды, аткаминерлер алдамчылыкка жол беришүүдө. Катталган жеринен башка аймактарда турган жарандар жана ички мигранттар эки жолу катталууда”, - деди редакциянын Балкан облусу боюнча кабарчысы.
Түркмөнстанда эл жана турак жай фондун каттоо 17-декбарда башталган.
Маалыматтарга караганда, мугалимдер эл каттоо ишине тартылып, мектептерде билим берүү үзгүлтүккө учурап жатат.
“Эл каттоого мугалимдер күч менен тартылууда. Бүгүн Түркмөнбашынын мектептеринде 3-сабактан кийин мугалимдер болгон жок. Окуучуларды үйлөрүнө жиберишти”, - деди кабарчы.
Түркмөнстанда бул өнөктүк “Эл каттоо 2022: Биримдик, Бакыт, Жаркын келечек” деген ураан менен өтүп жатат жана 27-декбарга чейин болот.
Түркмөнстанда элдин саны 2007-жылдан бери расмий түрдө жарыялана элек. Акыркы жолу эл каттоо 2012-жылы жүргүзүлгөн. Жыйынтыгы айтылган эмес.
“Азаттыктын” өз булактары соңку он жылда өлкөдөн 1,9 миллион түркмөнстандык чыгып кеткенин, бийлик демографиялык кризиске тынчсызданып жатканын, Түркмөнстанда болгону 2,7- 2,8 миллион киши калганын кабарлашкан.
2006-жылы Түркмөнстан бийлиги өлкөдө 6,7 миллион киши жашай турганын билдирген.