Ссылки доступа

Казакстандын Башкы прокуратурасы журналист Козачковдун ишин өз көзөмөлүнө алды


Казакстандын Башкы прокуратурасы 20-декабрда президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен журналист Михаил Козачковдун иши боюнча медиакоомчулуктун билдирүүсүнөн кийин териштирүү иштерин баштады. Журналист 18-декабрда кармалган.

Мекеме бул резонанстуу ишти иликтөө "прокуратура органдарынын көзөмөлүндө" экенин белгиледи.

19-декбарда "Адил сөз" уюму президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жолдоп, журналист Михаил Козачковдун конституциялык укуктары бузулуп жатканына даттанган.

Фонд тергөө жана сот эл аралык стандарттарга шайкеш, адам укуктарын сактоо менен өтүшү керектигин белгилеп, журналистти токтоосуз бошотууга үндөгөн.

Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай соцтармактардагы баракчасына бул резонанстуу иш Казакстандын мыйзамдарына шайкеш укуктук талаада каралып жатканын жазган.

19-декбарда журналист Вадим Борейко Фейсбуктагы баракчасына Михаил Козачковдун кайрылуусун жарыялаган. Каттын автору "өзүнүн камалышын – Каржы көзөмөл агенттигинин жетекчиси Жанат Элимановдун жеке өч алуусу" деп атаган. Журналист Элиманов жубайы жөнүндө жазылган макалага ызаланып жүргөнүн жазган.

Телеграмдагы Kozachkov offside каналынын автору жана "Время" гезитинин журналисти 18-декабрда кармалган. Журналистти экс-президенттин иниси Болат Назарбаевдин "жардамчысы" аталган Елдос Коспаевдин кылмыштуу тобунун рейдерлик ишине көмөктөшкөн деп шек санап жатышат.

Каржы көзөмөл агенттиги Коспаев "рейдерликти ишке ашыруу үчүн жабырлануучуларга каршы маалыматтык чабуулда Козачковдун кызматынан пайдаланган" деп санайт. Маалыматта мындай кызматы үчүн ал "уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнөн" 52 миллион теңге алганы айтылган.

Видео

XS
SM
MD
LG