Ссылки доступа

Өзбекстанда 2023-жыл "Адамга камкордук кылуу жана сапаттуу билим берүү" жылы деп жарыяланды


Өзбекстанда 2023-жыл "Адамга камкордук кылуу жана сапаттуу билим берүү" жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 20-декабрда парламентке жана элге кайрылуусунда билдирди.

"Биз мамлекеттик саясаттын борборуна адамдардын кызыкчылыгын жана алардын кызыкчылыктарын камсыз кылууну артыкчылыктуу багыт катары коёбуз. Анткени биздин эң баалуу байлыгыбыз – бул чыгармачыл адамдарыбыз, ата-энелерибиз, өсүп келе жаткан жаштарыбыз эмеспи. Биз бул өлкөдөгү ар бир адам тынчтыкта жана бактылуулукта жашап, ден соолукта болуп, сапаттуу билим алып, үй-бүлөсүн багуусу үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылабыз жана бул жолдон эч качан кайтпайбыз", – деди президент.

Өткөн жылы Шавкат Мирзиёев 2022-жылды "Адамдын кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана маалелерди өнүктүрүү" жылы деп жарыялаган.

Президент 20-декабрдагы сөзүндө кийинки жылдан тарта өкмөттүн иштөө стили түп тамырынан өзгөрүп, биринчи кезекте министрликтер менен мекемелердин саны 61ден 28ге чейин кыскартыларын белгиледи.

Президенттин айтымында, көптөгөн министрлер алмаштырылып, мамлекеттик кызматкерлердин саны акырындык менен 30-35% кыскартылат. Мындан үнөмдөлгөн каражат социалдык керектөөлөргө жумшалат.

XS
SM
MD
LG