Ссылки доступа

Казакстанда журналист Михаил Козачков эки айга камакка алынды (видео)


Казакстанда жекшемби күнү кармалган журналист Михаил Козачков эки айга тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу 20-декабрда Алматы сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

"Алматы шаардык тергөө сотунда Михаил Козачковдун бөгөт чарасы каралып, аны эки айга камакка алуу тууралуу тергөө органдарынын өтүнүчү канааттандырылды", – деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

19-декбарда "Адил сөз" уюму президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жолдоп, журналист Михаил Козачковдун конституциялык укуктары бузулуп жатканына даттанган. Уюм тергөө жана сот эл аралык стандарттарга шайкеш, адам укуктарын сактоо менен өтүшү керектигин белгилеп, журналистти токтоосуз бошотууга үндөгөн.

Жооп катары президенттин басма сөз катчысы Руслан Желдибай соцтармактардагы баракчасына бул резонанстуу иш Казакстандын мыйзамдарына шайкеш укуктук талаада каралып жатканын жазган.

19-декбарда журналист Вадим Борейко Фейсбуктагы баракчасына Михаил Козачковдун кайрылуусун жарыялаган. Анда каттын автору "өзүнүн камалышын – Каржы көзөмөл агенттигинин жетекчиси Жанат Элимановдун жеке өч алуусу" деп атаган. Журналист Элиманов жубайы жөнүндө жазылган макалага ызаланып жүргөнүн жазган.

20-декабрда Казакстандын Башкы прокуратурасы Козачковдун ишинин тергелиши "прокуратура органдарынын көзөмөлүндө" экенин билдирген.

Телеграмдагы Kozachkov offside каналынын автору жана "Время" гезитинин журналисти 18-декабрда кармалган. Журналист экс-президенттин иниси Болат Назарбаевдин "жардамчысы" аталган Елдос Коспаевдин кылмыштуу тобунун рейдерлик ишине көмөктөшкөн деп шектелүүдө.

Каржы көзөмөл агенттиги Коспаев "рейдерликти ишке ашыруу үчүн жабырлануучуларга каршы маалыматтык чабуулда Козачковдун кызматынан пайдаланган" деп санайт. Маалыматта мындай кызматы үчүн ал "уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнөн" 52 миллион теңге алганы айтылган.

XS
SM
MD
LG