Ссылки доступа

Тажикстанда өспүрүмдөрдү күч менен аскерге алып кетүүгө катышкан үч киши кармалды


Тажикстандын Куляб шаарында аскер курагындагы өспүрүмдөрдү күч менен армияга алып кетүү ишине катышкан үч киши кармалды.

Жергиликтүү прокуратурадан билдиришкендей, аскердик комиссариаттын өкүлү Хатлон Рахматшоев, милиция кызматкери Фарходи Рахматулло жана Восей районундагы жамааттын төрага орун басары Саидаброр Каландаров кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шектелүүдө. Тергөөнүн маалыматына караганда, алар армияда кызмат өтөп келген жаранды күчтөп аскерге алып кетүүгө аракет кылып, аны сабашкан, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу аскерден бошотулган өспүрүмдү мажбурлап армияга жөнөтүшкөн. Эгер алар күнөөлүү деп табылса ири суммада айып пул төлөп же беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Жабырлануучу Журабек Ятимов ал армияда кызмат өтөп келгенин, бирок өткөн айда аны көчөдөн кармап, кайра аскерге жөнөтүүгө аракет кылышканын билдирди.

"Мени быйыл эки жолу кармашты – жазгы жана күзгү аскерге чакыруу өнөктүгү жүрүп жатканда. Биринчи жолу аскердик билетимди көрсөткөндөн кийин кое беришкен. Экинчи жолу кармаганда катуу сабашты. Мен бул боюнча прокуратурага кайрылып, аларды жоопкерчиликке тартууну өтүндүм", – деди Ятимов.

Восей районундагы Пушиён айылында жашаган Исмоил Табаровдун ата-энеси да прокуратурага арыз менен кайрылып, алардын психикалык жактан ооруган баласын күч менен армияга алып кетишкенине даттанган. Жергиликтүү прокуратурадан Табаров көрсөтмө берүү үчүн аскер бөлүгүнөн алып келингенин билдиришти.

Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө өтөт. Өлкөнүн 18-27 жаштагы эркек жарандары аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү.

Тажикстанда жыл сайын аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда жаштарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар тартылган көптөгөн видеолор тарайт. Мындан тышкары ЖМКлар менен соцтүйүндөргө армиядагы чоңсунуу, зомбулук учурлары жана уставдан тыш мамиледен улам көз жумган жоокерлер тууралуу макалалар да чыгып турат.

Буга чейин Кушониён районундагы жамааттардын биринде жергиликтүү бийлик тургундардан миграциядагы балдарын чакырып, аскерге жөнөтүүнү талап кылып, алардын электр жарыгын өчүрүп, аймактагы мечитти жаап салышканы кабарланган. Анда жергиликтүү акимчилик бул боюнча аларда эч кандай маалымат жок экенин билдирген. Юристтер бийликтин бул аракети мыйзамсыз экенин айтышкан.

Видео

XS
SM
MD
LG