Ссылки доступа

Тажикстанда рублдин куну түшүүдө


Тажикстанда апрелде курсу кескин жогорулап, андан кийин туруктуу кармалып турган орус рублинин куну ушул аптадан тарта кайрадан төмөндөй баштады.

Тажикстандын Улуттук банкы 21-декабрда 1000 орус рублин 147 сомони 50 дирам өлчөмүндө бекитти.

Өткөн аптада 1000 рубль 162 сомониге алмаштырылып жаткан. Тажикстандын Улуттук банкы орус рублинин курсунун кескин өзгөрүшүнүн себебин түшүндүргөн жок.

Тажикстанда рублдин наркынын өсүшү же төмөндөшү – көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн өтө маанилүү. Алардын Орусияда иштеп жүргөн жакындары акчаны рубль менен которуп, тажик банктары сомони менен берет.

XS
SM
MD
LG