Ссылки доступа

Булак: Өзбекстан Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду "Нооруздан" кийин өткөрүүнү пландоодо


Президент Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча жалпы элдик референдумду 2023-жылы жазында өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу "Озодлик" радиосу бири-бирине көз карандысыз эки булагына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда өзбек өкмөтү батыш дипломатиялык каналдары аркылуу бул иш-чарага абройлуу меймандарды чакыруунун үстүнөн иштеп жатат.

"Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 2023-жылы марттын аягында же апрелдин башында, "Нооруз" майрамынан кийин өтөт. Бийлик бул иш-чарага Европа Биримдигинен, Улуу Британиядан жана АКШдан байкоочуларды чакырууну пландап жатат", – деди радионун Сенаттагы аты-жөнүн айткысы келбеген булагы.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) азырынча референдумду өткөрүү датасын белгилей элек. Бирок иш-чарага даярдык көрүү иштери менен жакындан тааныш ташкенттик аткаминерлердин бири Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун "Нооруздан" кийин өтө тургандыгы жөнүндөгү маалымат чындыкка жакын экенин билдирди.

Өзбекстанда жаңы Конституция кабыл алынса азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү "жокко чыгарылып", ал кайрадан президенттик шайлоого талапкерлигин кое алат.

Байкоочулар президент Шавкат Мирзиёев референдумдун датасын 20-декабрда өлкө парламентине жолдогон кайрылуусунда жарыялайт деп күтүшкөн. Бирок президент анда Баш мыйзамды жакшыртуу боюнча иштер уланып жатканын гана айтты.

Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору коомдук талкууга 2022-жылдын 26-июнунда чыгарылган. Анда сунушталган 100дөн ашык өзгөртүүнүн арасында Каракалпакстандын макамын өзгөртүү сунушу да болгон.

Талдоочулардын көбү биринчи жолу бийлик Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду Нукустагы окуяларга байланыштуу кийинкиге жылдырды деп эсептөөдө. Алардын пикиринде, экинчи жолу референдум өзбекстандыктардын энергетикалык каатчылыкка байланыштуу нааразылыгы өсүп жатканынан улам жылды.

Саясий серепчилердин көбү Мирзиёевдин референдумдан кийин үчүнчү президенттик мөөнөткө каларына ишенишет. Эгер Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, Мирзиёев экинчи мөөнөтү аяктай турган 2026-жылы кайра шайланып, өлкөнү 2040-жылга чейин башкарууга мүмкүндүк алат.

Видео

XS
SM
MD
LG