Ссылки доступа

Казакстан Германияга мунай жеткирүү мүмкүндүгүн карап жатат


Казакстан кийинки айда Германияга мунай жөнөтүү мүмкүндүгүн карайт. Бул тууралуу «КазМунайГаз» улуттук компаниясынын башчысы Магзум Мирзагалиев билдирди.

«Казакстан президентинин тапшырмасы менен «КазМунайГаз» Германияга сыноо иретинде мунай партиясын 2023-жылдын январь айында жөнөтүү мүмкүндүгүн караштырып жатат», — деди Мирзагалиев.

Компаниянын маалымат кызматы кабарлагандай, 20-декабрда «КазМунайГаздын» жетекчиси Магзум Мирзагалиев Германиянын экономика жана климатты коргоо министрлигинин статс-катчысы Михаэль Кельнер менен видеоконференция форматында, андан тышкары Астанада Германия парламентинин депутаты Кристиан Гёрке менен жолуккан.

Тараптар казак мунайын Германиянын Шведт шаарына жеткирүү маселесин талкуулашкан. Бундестаг депутаттары Казакстан сырьесунун «Дружба» мунай кууру аркылуу жеткирилиши канчалык туруктуу болоруна кызыгышкан.

«КазМунайГаз» жетекчиси казак мунайын аталган куур аркылуу жеткирүү мүмкүн экенин ырастап, бирок келишим жана техникалык маселелерди чечүү зарылдыгын айткан.

Гремания бийлиги ЕБдин санкцияларына ылайык жыл соңуна чейин орус мунайынан баш тартып, Шведт шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводго сырье жеткирүү боюнча Польша менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

«Дружба» мунай кууру орус мунай кендерин ЕБ мамлекеттери менен байланыштырып турат. Айрым эксперттер Орусия мунай жеткирүүнү көбөйтүү үчүн Казакстанга бул куурдан пайдаланууга уруксат бербей коюшу мүмкүн экенин айтышкан.

Шведт шаарындагы завод жылына 10 миллион тонна мунайды кайра иштетүүгө кудуреттүү.

XS
SM
MD
LG