Ссылки доступа

Сентябрдан бери 3578 орусиялык Казакстанда калууну чечти


21-сентябрда Орусияда мобилизация жарыялангандан бери Казакстанда туруктуу жашоого 3578 орусиялык арыз тапшырды. Дагы 965 киши казак жарандыгын алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Казакстан ИИМине тиешелүү Polisia.kz сайты билдирди.

«Полиция баарына бирдей туруктуу жашоого уруксат бербейт. Ал үчүн банк эсебинде кеминде 4,5 миллион теңге акчасы, туруктуу жумушу жана мурун соттолбогон болушу керек. Укук коргоо органдары аларды текшерип бүткөндөн кийин гана өлкөдө жашоого уруксат берилет», — деди ИИМдин миграция кызматы комитетинин өкүлү Аслан Аталыков.

Ал Казакстан жарандыгын алуу үчүн чет өлкөлүк республикада беш жыл жашоого тийиш экенин кошумчалады. Бул талап кандаштарга (этникалык казактарга) же казакстандыктарга турмушка чыккан аялдарга тиешелүү эмес.

ИИМдин маалыматына караганда, 2022-жылы Казакстанга 5,6 млн чет өлкөлүк кирген, анын 2,9 миллиону орусиялык.

21-сентябрдан баштап Казакстандан башка өлкөлөргө 205 миң орусиялык чыгып кеткен. Башкача айтканда алар Казакстанды транзиттик аянтча катары колдонгон. Казакстандан Өзбекстанга 47 миң, Кыргызстанга 46 миң, Түркияга 37 миң, Бириккен Араб Эмираттарына 19 миң орусиялык кеткен.

XS
SM
MD
LG