Ссылки доступа

Орусияда түрмөдө отурган эки тажикстандык Украинадагы согушта каза тапты


Манучехр Шодов (солдо) жана Бобоазиз Туйдиев (оңдо)
Манучехр Шодов (солдо) жана Бобоазиз Туйдиев (оңдо)

Акыркы он күндө Хатлон облусуна Орусиядан эки сөөк жеткирилди. Маркумдардын жакындарынын айтымында, алар Орусия түрмөлөрүндө отурушкан, бирок белгисиз жагдайларда Украинага барышкан жана согушта өлүшкөн.

22 жаштагы Бобоазиз Туйдиев 2021-жылы сентябрда маңзат сактоо шеги менен кармалып, алты жылга эркинен ажыратылган.

Маркумдун атасы Тохир Туйдиевдин айтымында, уулу быйыл 23-сентябрда телефон аркылуу байланышып, согушка алып кетип жатканын айткан.

“Мен алар жөнөтүлбөшү керектигин айттым, бирок Бобоазиз башка чарасы жоктугун билдирди. Күч менен согушка жөнөтүп жатышканы сезилип турду”, - деди ал.

Маркум Манучехр Шодовдун атасы Хокимшо Шодов уулу 28 жашта болгонун айтып, эмне себептен соттолгонун кеп кылган жок: “Согушка алып кетишкенин бизден жашырышты. Азыр эч нерсе айта албайм, дооматым деле жок, уулумду өлтүрүштү”.

“Медиазона” басылмасы Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын статистикасына шилтеме берүү менен 2022-жылы Орусия түрмөлөрүндө отургандарын саны 23 миң кишиге кыскарганын жазды. Басылма бул көрсөткүчтү “ЧВК Вангера”- "Вангердин жеке аскердик компаниясы" абактагыларды согушка азырып кеткенип жатканы менен түшүндүрдү.

Мобилизация жарыяланган күндөн бери Орусиянын армиясына Орто Азия жарандарынан же кош жарандыгы бар адамдардан канчасы чакырылганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG