Ссылки доступа

Алматыда вайнерлер аралашкан каржы пирамидасы боюнча сот башталды


Алматы шаарынын Алматы райондук сотунда Mudarabah Capital каржы пирамидасын түзүү жана башкаруу иши боюнча баштапкы соттук угуулар башталды. Бул тууралуу  Информбюро сайты жазды.

Басылманын маалыматына караганда, онлайн-режимде өткөн сот отурумуна 100 киши катышты. Сот жообуна ASTEX.KZ компаниясынын жетекчиси Алмас Курмангалиев, каржы пирамидасын түзүүчүлөрдүн бири Дания Рахимова, Ерлан жана Ержан Мансуровдор тартылууда.

Булардан башка шектүүлөрдүн арасында казакстандык белгилүү вайнер жана блогерлер Мейрхан Шерниязов менен Мейржан Туребаев да бар. Иштин дагы эки фигуранты эл аралык издөөгө алынган.

Сотто айыпталуучулардын адвокаттары тергөөдө мыйзам бузууларга жол берилгенин, материалдарга маанилүү деталдар тиркелбей калганын билдиришти. Адвокаттар айрымдарынын жашы жете элек балдары, биринин онкологиялык оорусу бар экенин айтып, аларды үй камагына чыгарууну өтүндү. Сот кийинки отурумду 23-декабрга белгиледи.

Прокуратуранын маалыматына караганда, бул иш боюнча 41 кыймылсыз мүлк, үч автоунаа, тогуз банк эсеби жана 16 компаниянын уставдык капиталдарынын ар кандай үлүшү камакка алынды.

11-апрелде Астанада Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына каржы пирамидасына алданып калганын айтып чыккан аял өзүнө өрт койгон. 32 жаштагы Багила Досмаилова оор абалда реанимицияга түшкөн.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Досмаилованын үй-бүлөсү каржы пирамидасына 45 миң доллардай акча салып, ала албай калган.

8-апрелде ал башка жабырлануучулар менен Алматыда пикет өткөрүп, "иликтөө ишин жакшы жүргүзбөй жатат" деп полицияны айыптаган.

Досмаилова ошондой эле Mudarabah Capital деген компанияны жарнамалаган белгилүү блогерлер Мейржана Туребаев менен Мейирхан Шерниязовду да жоопкерчиликке тартууга чакырган.

Видео

XS
SM
MD
LG