Ссылки доступа

Ташкентте Мирзиёевдин үй-бүлөсүн сындаган блогер кармалды


Шахида Саломова
Шахида Саломова

Ташкенттик блогер жана "Патанатомия станы Уз" Telegram-каналынын администратору Шахида Саломовага "Жалаа жабуу" жана "Кемсинтүү" беренелери боюнча айып тагылды.

60 жаштагы блогер 18-декабрда дайынсыз жоголуп, кийинчерээк ал кармалганы белгилүү болгон. Кармалардын алдында Саломова Telegram-каналына президент Шавкат Мирзиёевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрүн чыгарып, аларды жемкорлукка жана непотизмге айыптаган.

Саломованын адвокаттары ал Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагында отурганын, аны менен жолуга албай жатышканын билдиришти.

"Шахиня Королева" деген каймана ысым менен белгилүү блогер буга чейин соцтармактар аркылуу прокурорлорду, сотторду, Юстиция министрлигинин, облустук акимчиликтердин жана Ташкент мэриясынын өкүлдөрүн сындап келген.

Кармалардын алдында блогер Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаровду сындаган. Саломова ал Ташкенттин Мирзо-Улугбек районундагы үйүнүн жанынан "20га жакын жер тилкесин сатып алып, ал жерге чоң короо-жай курганы жатканын" билдирген.

Жакындарынын айтымында, Саломова кармалгандан кийин "Патанатомия страны Уз" Telegram-каналынын аталышы бир нече жолу өзгөртүлгөн. 21-декабрдан тарта ал жакта Шахида Саломованын өзүн кемсинткен маалыматтар жарыялана баштаган.

Шаршемби күнү Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы блогердин кармалышы боюнча расмий билдирүү таратты. Анда Шахида Саломоновага каршы А.Г. аттуу жаран арыз жазып, ага карата мыйзамдуу чараларды көрүүнү өтүнгөнү айтылат.

"Арыз ээси блогер соцтармактар аркылуу аны кемсинтип, жалаа жапканын жазган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Саломонованын аудиобилдирүүсүндө А.Г. аттуу жарандын дарегине кемсинтүү сөздөрү айтылганы аныкталды", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Быйыл жазында Шахида Саломова Өзбекстандагы дагы бир белгилүү блогер жана коомдук активист Алексей Гаршинге каршы көрсөтмө берген.

21-октябрда былтыр президент Шавкат Мирзиёевдин жашыруун резиденциясын таап чыккан блогер Алексей Гаршин "Кеминстүү" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 108 миллион сум (9 570 доллар) төлөөгө милдеттендирилген.

Анда кылмыш ишин козгоого ага каршы блогер Шахида Саломованын жазган арызы себеп болгон. Ал Гаршиндин видеосюжеттеринин бирин сындап пикир калтырганын, бул авторуна жакпай калып, аны кемсинткенин жазган.

Алексей Гаршин анын иши боюнча соттук териштирүүлөр бир нече ай мурда эле аяктагынан карабастан, соттун чечимин 19-декабрда гана колуна алганын билдирүүдө. Анын айтымында, бир нече күн мурда ага Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынан телефон чалып, анын Шахида Саломовага каршы жазган арызы карала баштаганын айтышкан.

"14-декабрда телефон чалып, менин быйыл жазында жазган арызымдын негизинде Шахида Саломовага кылмыш иши козголгонун айтышты. Жазында алар арызымды ишке тиркеп, бирок кийин эч колдонушкан эмес. Менин түшүнүшүмчө, алар эми менин колум менен өздөрүнүн жаман иштерин жасагылары келип жатат", – деди Гаршин.

XS
SM
MD
LG