Ссылки доступа

Назарбаевдин күйөө баласы соода борборун курууну пландаган жер тикесин мамлекетке алуу каралууда


Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындары көзөмөлдөгөн компания соода борборун курууну пландаган Алматынын престиждүү районундагы жер тилкеси мамлекетке алынат. Бул тууралуу Алматы шаардык акимчилиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал жерге мектеп куруу пландалууда.

2021-жылы августта "Азаттыктын" казак кызматы экс-президенттин кызы Динара Кулибаева менен анын күйөөсү Тимур Кулибаевге таандык компания Алматынын Бостандык районуна Fresh Market деп аталган ири соода борборун курганы жатканын кабарлаган.

22-декабрда "Азаттыктын" казак кызматынын суроолоруна жооп берген Алматы акимчилигинин өкүлү аталган жер тилкеси мектеп куруу үчүн мамлекетке алынарын билдирди.

"Ал 6,6 гектар жерди "Достар Констракшн" компаниясы "Казком" банкынын аукционунда сатып алган. Бүгүнкү күндө "Жайлуу мектеп" улуттук долбоорунун алкагында 3,6 гектар жерге комфорттуу мектеп куруу үчүн ал жер тилкесин мамлекетке алууну сунуштадык. Бул процедураны кийинки жылы баштайбыз", – деди акимчиликтин Жер мамилелери башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Кулболдинов.

Маалыматка караганда, аталган жер тилкеси "Казкоммерцбанкка" күрөөгө коюлган. Кийин аны Кулибаевдер көзөмөлдөгөн "Достар Коммерц" компаниясы сатып алган.

Америкалык Forbes журналы түзгөн миллиардерлердин тизмесине кирген Динара жана Тимур Кулибаевдер диверсификацияланган бизнестин ээлери, алар Казакстандагы эң ири банкты көзөмөлдөшөт.

Кандуу Январь окуяларынан кийин Тимур Кулибаев "Ата Мекен" улуттук ишкерлер палатасынын жетекчиси кызматынан кеткен. Экс-президенттин башка жакындары да жогорку кызматтарынан ажырап, айрымдарына акча кымырып алуу боюнча кылмыш иштери козголгон.

Кулибаевге расмий түрдө эч кандай айып тагылган эмес. Жыл башынан бери ал Токаевдин Казакстандын бизнес өкүлдөрү менен болгон бир нече жолугушуусуна катышкан.

XS
SM
MD
LG