Ссылки доступа

Токаев менен Мирзиёев шериктештик мамилелер жана чек араны демаркациялоо келишимдерине кол коюшту


Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Астана менен Ташкенттин ортосундагы шериктештик мамилелер тууралуу келишимге кол коюшту.

"Ар тараптуу кызматташтык, ишеним, тең укуктуулук жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу" жөнүндө жазылган макулдашууга казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга жасаган сапарынын алкагында 22-декабрда кол коюлду.

Документте тараптардын бири үчүнчү мамлекеттер тарабынан куралдуу кол салуу коркунучу жаралганын билдирген учурда Астана менен Ташкент тез арада чара көрүү үчүн өз ара кеңешмелерди өткөрөрү белгиленген. Айрым талдоочулар бул келишимдин түзүлүшүн Орусиянын кошуна Украинага кол салуусуна реакция катары баалап жатышат.

Президенттер мындан тышкары эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо тууралуу келишимге да кол коюшту.

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасынын узунудугу 2 миң 300 чакырымдан ашат. Чек араны тактоо 2003-жылы башталган.

Анын алдында чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай суу сактагычы Казакстанга берилген. Ал эми казактар жашаган Түркстан айылы жана Кызыл-Ордо облусундагы үч калктуу конуш Өзбекстанга өткөн.

Буга чейин эки өлкөнүн чек арасын аныктоодо көптөгөн талаш-тартыш болгон.

Казак лидеринин кеңсеси билдиргендей, эки коңшу саясий, соода-экономикалык, энергетика, транспорт-логистика, айыл чарба жана башка тармактарда алаканы кеңейтүүнү талкуулап, жалпысынан 15тен ашык келишимге кол коюлду.

Быйыл Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетти. Талдоочулар Токаевдин Ташкентке сапарынан кийин бул сумма 8 миллиард долларга чейин көтөрүлөрүн божомолдоодо.

XS
SM
MD
LG