Ссылки доступа

Казакстан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен 631 миллиард теңгени кайтарды


Казакстанда Январь окуяларынан кийин түзүлгөн "мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражатты кайтаруу боюнча" атайын комиссия 2022-жылдын алты айында өлкөгө 631 миллиард теңге кайтарылганын билдирди.

Комиссиянын маалыматына караганда, бул сумманын 421 миллиард теңгеси кылмыш иштери боюнча келтирилген чыгымдардын ордун толтуруунун алкагында кайтарылган. Анын ичинен 314 миллиарды акчалай түрдө, 107 миллиард теңгеси баалуу таштар жана металлдар түрүндө келген. Калган сумма монополиядан чыгаруу боюнча иштердин алкагында кайтарылган.

Комиссиянын билдирүүсүндө өлкөдөн мыйзамсыз каражат чыгарууга тиешеси бар делген компаниялардын жана ишкерлердин аты-жөнү жазылган эмес.

"Чет өлкөлөргө мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражатты кайтаруу боюнча" комиссия түзүлгөнүн президент Касым-Жомарт Токаев быйыл 5-июнда, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн күнү билдирген. Комиссиянын курамына укук коргоо органдарынын, атайын жана борбордук аткаруу органдарынын, Улуттук банктын, Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин, фискалдык органдардын жана "Самрук-Казына" фондунун жетекчилери кирген.

Кандуу Январь окуяларынан кийин Токаев өлкө байлыгынын көбүнө ээлик кылып алган адамдардын тобу жөнүндө бир нече жолу айткан. Ал өлкөнүн экономикалык ресурстарынын бир топтун колуна топтолушуна шарт түзүп, аларга өтө эле көп артыкчылыктарды берген мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу зарылдыгын белгилеген. Айрым талдоочулар азыркы бийликтин чет өлкөлөрдөн активдерди кайтаруу аракетин капиталдарды кайрадан бөлүштүрүү боюнча өнөктүктүн бир бөлүгү катары баалап келишет.

Tax justice network уюмунун маалыматына караганда, акыркы 25 жылдын ичинде Казакстандан чет өлкөлүк офшорлорго 140-160 миллиард долларга жакын каражат чыгарылып кеткен. Кээ бир серепчилер сыртка чыгарылган сумма мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтып жүрүшөт.

Июлда атайын комиссия чет өлкөлөргө мыйзамсыз каражат чыгарууга Нурсултан Назарбаевдин камактагы иниси Кайрат Сатыбалды, анын жубайы Гүлмира Сатыбалды, Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайра Боранбаев, ошондой эле экс-президенттин кичүү кызы Алия Назарбаевага тиешеси бар экени айтылып жүргөн "Оператор РОП" компаниясынын жетекчилери шектелип жатканын билдирген.

Буга чейин коомчулук тарабынан түзүлгөн Elge Qaitaru ("өлкөгө кайратуу") фонду мамлекет мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин айланасындагы адамдардын ири суммадагы каражаттарын кайтара аларынан күмөн санап жатканын билдирген. Октябрдын аягында фонд Eurasian Resources Group компаниялар тобуна кылмыш ишин ачууну талап кылган. Ал топтун директорлор кеңешинде Александр Машкевич, Патох Шодиев жана Шухрат Ибрагимов өңдүү белгилүү олигархтар бар.

XS
SM
MD
LG