Ссылки доступа

Түркмөнстанда Аркадаг деген жаңы шаар пайда болду


Аркадаг шаары (Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалында көрсөтүлгөн репортаждан алынган кадр)
Аркадаг шаары (Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалында көрсөтүлгөн репортаждан алынган кадр)

Түркмөнстандын Ахал облусунда курулуп жаткан жаңы административдик борбор өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына Аркадаг деп аталды.

Гёкдепе районунун аймагында курулуп жаткан жаңы шаар Ахал облусунун административдик борбору болот.

​Өлкө бийлиги шаардын аталышын тандоодо Ахал облусунун жана башка аймактардын жашоочуларынын каалоосу, ошондой эле коомдук уюмдардын сунуштары эске алынганын билдирүүдө.

Быйыл 28-апрелде өлкө президенти Сердар Бердымухамедов жаңы шаардын аталышы тууралуу маселени "эл менен талкуулоо" тапшырмасын берген.

Май айында "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянып, жаңы шаарды Аркадаг деп атоо пландалып жатканын кабарлаган. Маалыматка караганда, бул тууралуу июнь айында Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүндө жарыялоо мерчемделип, бирок "маалыматтын ачыкка чыгып кетиши Бердымухамедовдордун нааразылыгын жаратканына байланыштуу" ал кийинкиге калтырылган.

Түркмөнстандын парламенти 2022-жылды "Эл Аркадаг менен" жылы деп жарыялаган. Бирок жыл башында Аркадаг Гурбангулы Бердымухамедов күтүүсүздөн президенттик кызматтан кетерин жарыялаган. Анын ордуна келген уулу Сердар Бердымухамедов "Аркадаг Сердар" деп жарыяланган. Азыр өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруучу органы эсептелген Халк Маслахатынын төрагасы кызматындагы Гурбангулы Бердымухамедовду "Баатыр Аркадаг" деп атай башташкан.

Маалыматка караганда, президенттин жарлыгы менен Аркадаг шаарынын ачылышына карата салтанаттуу аскердик парад өтөт. Ачылуу аземин массалык маданий иш-чаралардын коштоосунда жогорку деңгээлди өткөрүү пландалууда. Азырынча шаардын ачылышы качан болору айтыла элек.

Ал ортодо жаңы шаардагы Балдардын ден соолугун чыңдоо жана реабилитациялоо борборуна Гурбангулы Бердымухамедовдун, Ахал педагогикалык-кесиптик мектебине экс-президенттин атасы Бердымухамед Аннаевдин, Эл аралык жылкы чарба академиясына Бердымухамед Аннаевдин бир тууганы Аба Аннаевдин ысымы ыйгарылып, борбордук паркка Аркадаг монументи тургузулду. Мындан тышкары шаардагы борбордук көчөлөрдүн бири Гурбангулы Бердымухамедовдун жылкысынын урматына Акхан деп аталды. Аркадаг шаарындагы калган объектилерге дүйнөдөн өткөн коомдук жана саясий ишмерлердин же мифтик каармандардын ысымдары ыйгарылды.

Ал ортодо шаардын курулушу дале уланууда. Бул айда объектилердин алгачкылары гана салынып бүттү. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын булактары бийлик административдик борборду каржылоону башка аймактардын эсебинен көбөйтүүнү пландап жатканын билдиришти.

Ахал облусунун жаңы административдик борборун куруу чечими тууралуу 2019-жылы жарыяланган. 2020-жылы февралда жаңы шаардын курулуш долбооруна 1,5 миллиард доллар жумшалары кабарланган. Алгач шаарды 2022-жылдын декабрында куруп бүткөрүү пландалып жаткан.

XS
SM
MD
LG