Ссылки доступа

Тажикстанда миңге жакын жаранга өз алдынча кичи ажылыкка барууга уруксат берилген жок


Тажик өкмөтүнө караштуу Каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу комиссиясынын кызматкерлери 1000ге жакын жаранга Мекке жана Медина шаарларына кичи ажылыкка (умра) өз алдынча барууга уруксат берген жок.

"Акыркы эки айдын ичинде Мекке жана Медина шаарларына бараткан жолдо Тажикстандын жети жараны каза болду. Айрым туристтик агенттиктер адамдарды Дубайга чейин учак менен жеткирип, андан ары Жиддага чейин автобустар менен жөнөтүп жатышат. Бул эки шаардын аралыгы 1042 чакырымды түзөт. Мындай узак жолго жарандардын баары эле чыдай беришпейт", – деди Каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу комиссиясынын басма сөз катчысы Афшин Муким.

Анын айтымында, быйыл 1000ге жакын жаранга жеке туристтик компаниялар аркылуу өз алдынча кичи ажылыкка барууга уруксат берилген жок.

Буга чейин Тажикстандын жарандары умрага өз алдынча бара алышкан. Бирок адамдарды кичи ажылыкка жөнөтүүгө байланышкан бардык маселелерди чечүү Дин иштери боюнча комитетке жүктөлгөндөн кийин жарандар үчүн өз алдынча баруу кыйла оор болуп калды.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда жарандарды ажылыкка жана умрага жөнөтүүгө расмий түрдө Дин иштери боюнча комитетке, "Ормон" жана "Мунзал" компанияларына уруксат берилген.

Айрым тургундар Дин иштери боюнча комитет бул тармакта монополист болбошу керектигин билдирүүдө. Алардын айтымында, кичи ажылык менен туристтик агенттиктер да алектенип, алардын саны канчалык көп болсо, баасы да ошончолук төмөн болот.

Бүгүнкү күндө эки жумалык умранын баасы 21-25 миң сомонини (2100-2500 доллар) түзөт. Бул ажылык баасынан дээрлик үч эсеге арзан.

Айрым тургундар бул бааны жогору деп эсептеп, Сауд Арабиянын Душанбедеги элчилигинен виза алгандан кийин кичи ажылыкка Орусия же Өзбекстан аркылуу кетүүнү туура көрүшөт.

Тажикстанда умрага барууну каалагандардын саны COVID-19га байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынгандан кийин кескин көбөйдү. Жарандарды Мекке жана Медина шаарларына жөнөтүү менен алектенген компаниялардын биринен аларда жакынкы айларга бош орундар жок калганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG