Ссылки доступа

Эмомали Рахмон Тажикстандагы интернеттин ылдамдыгын сынга алды


Архив сүрөт
Архив сүрөт

Душанбеде 23-декабрда Тажикстан парламентинин кош палатасынын биргелешкен сегизинчи жыйыны башталды. Жыйында Эмомали Рахмон эл өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду.

Президент 2022-жылдагы экономикалык санкцияларга тынчсыздануусун билдирип, мунун кесепетинен товар жана продукцияларды жеткирүү чынжырчасы үзүлгөнүн айтты.

"Өлкөнү изоляциялап, товар чыгарууга мүмкүндүк бербеген санкциялык шартта биз ишкердикке эркиндик берип, бизнесмендерге көмөк көрсөтүшүбүз керек", - деди Рахмон.

Ал акыркы беш жылда Тажикстанда айлык маяна 1,5 эсеге, пенсия 1,3 эсеге көбөйгөнүн, жакырчылык 27,4 пайыздан 22,5 пайызга кыскарганын, Тажикстандын керектөө рыногунда инфляция 4,2 пайызды түзгөнүн, бул КМШ өлкөлөрүндөгү эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгиледи.

Эмомали Рахмон өлкөдөгү интернет ылдамдыгынын начардыгын сынга алды. "Негизинен туристтер кайда барат? Интернет жакшы жерге барат", - деди президент. Рахмон өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматына мобилдик операторлор жана интернет-провайдерлер менен чогуу интернеттин сапатын жакшыртууга, баасын төмөндөтүүгө багытталган чараларды кабыл алууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG