Ссылки доступа

Өзбекстандан Кытайга газ жеткирүү боюнча эки өлкөнүн статистикасында кыйла айырмачылык бар


Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө быйыл ноябрь айында Кытайга 39,6 миллион долларга газ экспорттогон. Бирок бул сан кытай тарап берген маалыматтардан кыйла айырмаланууда.

Өткөн айда Кытай Өзбекстандан 114,2 миллион долларга газ импорттогонун билдирген.

Эки тараптын акыркы 11 айдагы газ экспорту боюнча маалыматтары да бири-биринен айырмаланат. Өзбекстандын билдирүүсү боюнча өлкө 11 айдын ичинде 910,8 миллион долларга газ экспорттогон. Кытай статистикасына ылайык, бул аралыкта Өзбекстандан 1,03 миллиард долларга газ импорттолгон. Бул Өзбекстандын статистикасында келтирилген сандан 13% көп.

Буга чейин "Газета.uz" сайты октябрь айындагы газдын экспорту боюнча да эки тараптын маалыматында чоң айырмачылык бар экенин кабарлаган. Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети октябрда өлкө 91 миллион долларга газ экспорттогонун билдирсе, кытай тарап өзбек газын 148,5 миллион долларга импорттогонун жарыялаган.

Быйыл Өзбекстандын бийлиги газ экспорту убактылуу токтогонун бир нече жолу билдирген. Алгач 16-ноябрда өлкөнүн энергетика министринин орун басары Шерзод Хожаев Кытайга газ экспорту дээрлик токтогонун айткан.

Декабрдын башында "Узтрансгаз" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Бехзод Норматов Кытайга газ экспорту 100% токтогонун билдирген. Бул эки аткаминер тең өз билдирүүлөрүн ырастаган эч кандай документтерди көрсөткөн эмес.

Эки өлкөнүн газ экспорту боюнча маалыматтарындагы айырмачылык боюнча комментарий берген Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети жарыяланган сандар болжолдуу экенин, кийинчерээк алар өзгөрөрүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, көрсөткүчтөрдүн мындай өзгөрүшү бажы эрежелеринде бекитилген жана мыйзамдуу деп эсептелинет.

XS
SM
MD
LG