Ссылки доступа

Казакстанды орусиялык эмес, Орусиядан кетип жаткан компаниялар көбүрөөк кызыктырат


Казакстан үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселесинде Орусиядан кетип жаткан эл аралык компаниялар приоритеттүү. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаров 22-декабрдагы брифинг маалында билдирди.

“Бизге Орусиядан кетип жаткан жана буга чейин Казакстанга кызыкпаган чет өлкөлүк компаниялар маанилүү. Элчилер март айынан бери алардын башкы кеңселери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Аларга жергиликтүү өнөктөштөрдү, аянтчаларды издеп жатабыз. Орусиялык компаниялар менен активдүү алектенген жокпуз. Бирок санкциялык тезмеге кирген-кирбегени боюнча үч деңгээлдүү текшерүүдөн өткөрүп жатабыз. Эгер түзүүчүсүнө же башкы кеңсесине санкция салынган болсо, анда алардын биздин өлкөдө болушун чектейбиз. Анткени алар менен каржы операцияларын жүргүзүүгө жана банктарда тейлөө мүмкүн болбойт”, – деди министрдин орун басары.

Ал бүгүнкү күнгө карата бир дагы казакстандык компания түз да, кыйыр да санкцияларга кабылбаганын белгиледи. Анын айтымында, орус базарынан кетип жатканын ачык жарыялаган 362 чет өлкөлүк компаниянын 62си Казакстанга келүүгө даяр экенин билдирсе, учурда алардын 21 көчүп келди. Алардын арасында Honeywell International (АКШ), Казакстанда өз өкүлчүлүгүн ачкан TikTok, Indriver, Fortescue Metals Group (Австралия), Alstom (Франция) компаниялары бар.

Алмас Айдаров Казакстан ошондой эле Алматыда расмий өкүлчүлүгүн ачуу боюнча Apple компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул компанияга Казакстанда өндүрүш ачууну сунуштоо туура эмес болот, анткени өлкөдө квалификацияланган жумушчу күчү жана сейрек кездешүүчү иштетилген металл жетиштүү деңгээлде жок".

"Ошондой эле Швециянын IKEA компаниясы менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Азырынча компания "ойлонуп жатат". Кайсыл бир бренддин келиши биз үчүн дайыма эле приоритеттүү же пайдалуу боло бербейт. Эгер бренддер биз макул болбогон шарттарды талап кылса, анда алардан баш тартабыз. Чет өлкөлүк компаниялар жергиликтүү компаниялардыкындай эле шартта иштеши керек", – деди Айдаров.

Ал өкмөт чет өлкөлүк инвесторлорго акчалай кепилдик берүү тажрыйбасынан баш тартканын кошумчалады.

"Биз мыйзамдардын туруктуулугун, инвестициялардын сакталышын жана рейдерликтен корголушун сунуштайбыз. Бирок бизнеси ийгиликсиз болуп калса акча төлөп берүү тажрыйбасынан баш тарттык. Ыктымал тобокелдиктерди алар өздөрү эске алышы керек", – деди министрдин орун басары.

Орусия Украинага кол салгандан кийинки санкциялардан улам миңден ашык чет өлкөлүк компания (алардын 320сы толугу менен) Орусиядан чыгып кеткен. Күзүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө Орусиядан кеткен чет өлкөлүк компанияларга ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмасын берген.

XS
SM
MD
LG