Ссылки доступа

Ташкентте белгилүү блогерге кол салуу болду


Абдукодир Муминов.

Өзбекстанда "Ko'zgu" аттуу youtube-каналды иштеткен белгилүү блогер Абдукодир Муминов 23-декабрь күнү кечинде кол салууга кабылганын билдирди. Буга чейин ал Өзбекстандагы жемкорлукка тиешеси бар аткаминерлерди, анын ичинде президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн, өзгөчө күйөө балдарын сынга алган.

23-декабрь күнү кечиндеги түз эфиринде блогер ага беткапчан бир нече киши үйүнүн жанынан кол салганын айтты. Видеодо анын колдорунда жана бетинде жаракаттар бар экени көрүнүп турду.

"Азыр эле беткапчан бир нече киши үйүмдүн жанында мени сабап кетишти. Алар автоунаамдын терезелерин талкалап, мени өлтүрүүгө аракет кылышты, бирок мен араң качып кутулдум. Жаңылбасам мага беш киши кол салды. Өзбекстанда "көчө мыйзамдары" иштей баштады окшойт", – деди Муминов.

Блогер эфиринин соңунда Ташкенттин Яшнабад райондук ички иштер башкармалыгына келгенин жана кол салуу боюнча арыз жазганы жатканын айткан.

Муминов кийинчерээк укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылып, унаасынан уруксатсыз алып кетишкен видеокаттоо жабдуусунун флеш-картасын кайтарып берүүнү талап кылды. Анын айтымында, флеш-картада анын кол салган адамдар менен сүйлөшкөн учуру жаздырып алынган.

24-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы Абдукодир Муминовго кол салуу фактысы боюнча "Талоончулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганын билдирди.

"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу бардык тиешелүү тергөө аракеттерин жүргүзүштү. Күбөлөрдүн көзүнчө беш кишинин манжа изи жана бейсбол таягы табылды. Муминов айтып жаткан флеш-карта анда жазылган видеону текшерүү үчүн процессуалдык тартипте алынган", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Журналистке кол салуу болгондон кийин өзбекстандык активист Худойберди Зоминий бийликти тез арада териштирүү иштерин жүргүзүп, бул окуяга укуктук баа берүүгө чакырды.

Белгилүү өзбек журналисти Илёс Сафаров Муминовго кол салууну "жалпы өзбекстандык коомчулуктун ар-намысына кол салуу" деп атады.

30 жаштагы Абдукодир Муминов Youtube'дагы "Ko'zgu" каналы аркылуу Өзбекстандагы социалдык, саясий жана экономикалык көйгөйлөрдү чагылдырып келген.

Видео

XS
SM
MD
LG