Ссылки доступа

HRW өзбек бийлигин Маалыматтык кодекстин долбоорун артка чакыртып алууга үндөдү


Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстанда сунушталып жаткан Маалыматтык кодекстин долбоору кабыл алынса, сөз эркиндигинин бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин билдирип, өлкө бийлигин аны артка чакыртып алууга үндөдү.

"Мыйзам чыгаруучулар сөз эркиндиги жана дискриминацияга жол бербөө принциби үчүн олуттуу кесепеттерди эске албай туруп, бул мыйзам долбоорун кабыл алууга шашылбашы керек. Аны кароодон мурун депутаттар документтин адам укуктары боюнча эл аралык нормаларга толук жооп берерине ынанышы зарыл", - деди уюмдун Борбор Азия боюнча улук илимий кызматкери Мира Ритман.

Президенттик аппаратка караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги иштеп чыккан Маалыматтык кодекстин долбоору коомдук талкууга быйыл 14-декабрда чыгарылып, талкуу 29-декабрга чейин созулары кабарланган.

Кодекс жалпыга маалымдоо каражаттары, маалыматтын кепилдиктери жана эркиндиги, журналисттик ишмердүүлүктү коргоо, балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо сыяктуу сегиз мыйзамды бириктирет. Ошол эле маалда укук коргоочулар долбоордо бир катар "көйгөйлүү" нормалар да бар экенин белгилешүүдө.

HRW өкүлдөрүнүн айтымында, документтин долбоорунда тергөө, соттук териштирүүлөр жөнүндөгү маалыматтардын, ошондой эле "коомду, мамлекетти жана мамлекеттик символдорду кемсинтүүчү сөздөрдүн жарыяланышын" чектеген жоболор бар. Мындай жоболор журналисттер менен блогерлерди "тизгиндеши" мүмкүн.

Мындан тышкары укук коргоочулар сунушталып жаткан долбоор өлкөдөгү азчылыктарга каршы басмырлоону күчөтүшү ыктымал экенин белгилеп, мындай маанилүү документти талкуулоого эки жумалык мөөнөт аздык кыларын билдиришти.

"Өзбек мыйзам чыгаруучулары бул Маалыматтык кодекс журналисттердин жана башка адамдардын укуктарынын корголушун камсыз кылышы керектигин эстен чыгарбашы зарыл. Андагы укук буза турган нормаларды алып салып, сөз эркиндигин коргоого азыр да кеч эмес", – деди Мира Ритман.

XS
SM
MD
LG