Ссылки доступа

Ооганстанда үч эл аралык кайрымдуулук уюму ишмердүүлүгүн токтотту


"Талибан" кыймылы аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салгандан кийин Ооганстандагы үч эл аралык кайрымдуулук уюму өз ишмердүүлүгүн токтотту.

"Балдарды сактоо" (Save the Children), Качкындар иши боюнча Норвегия кеңешинин "Камкордук" (CARE) уюму жана Эл аралык жардам көрсөтүү комитети аял кызматкерлерисиз өлкөдөгү кыз-келиндерге жана балдарга көмөк көрсөтө албай турганын билдиришти.

Алардын айтымында, "Талибандын" бул тыюусу экономикалык каатчылык өкүм сүрүп жаткан өлкөдө миңдеген жумуш орундарынын азайышына да алып келет.

"Талибан" кыймылы аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салганы 24-декабрда белгилүү болгон. Reuters агенттиги талибдер түзгөн өкмөттөгү Экономика министрлигинин өкүлү Абдулрахман Хабибге шилтеме кылып, бул тыюу Ооганстанга гуманитардык жардам берүү программаларын координациялоо боюнча агенттиктин (ACBAR) курамына кирген уюмдарга тиешелүү экенин билдирди. Бул органга 180ден ашык жергиликтүү жана эл аралык бейөкмөт уюмдар кирет.

Талибдер өткөн жылы августта бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарын сактоого убада берип, бирок көп өтпөй аларга карата түрдүү чектөөлөрдү киргизе башташкан. 2021-жылы сентябрда алар университеттер үчүн жаңы эрежелерди киргизишкен: эркектер менен кыздар өз-өзүнчө окуп, бардыгы талибдердин түшүнүгүндөгү исламдын эрежелерин сактап кийинүүгө милдеттендирилген.

Мындан тышкары жаңы өкмөт 20 жылдан бери иштеп келген Аялдар иштери боюнча министрликти жоюп, кыздардын мектептеги окуусун чектеп, аялдырдын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салып, телеканалдардагы алып баруучуларды эфирге хижаб кийип чыгууга милдеттендиришкен.

Быйыл 20-декабрда талибдер студент кыздардын университеттерде окуусуна тыюу салган. "Талибандын" бул чечиминен кийин чет өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШнын өкмөтү талибдер алгач аялдардын билим алуусуна карата саясатын өзгөртүшү керектигин, андан кийин гана алардын өкмөтүн таануу маселеси каралышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Бүгүнкү күнгө карата Ооганстандагы талибдер түзгөн өкмөттү дүйнөнүн бар да өлкөсү тааный элек.

XS
SM
MD
LG