Ссылки доступа

Тажикстанда блогер Абдусаттор Пирмухаммадзода жети жылга соттолду


Блогер Абдусаттор Пирмухаммадзода. Архив сүрөт
Блогер Абдусаттор Пирмухаммадзода. Архив сүрөт

Тажикстанда блогер Абдусаттор Пирмухаммадзода жети жылга эркинен ажыратылды. Буга чейин ал абактан жолдогон катында тергөө учурунда кыйноого кабылып, ага психологиялык басым болгонун билдирген.

Блогердин жакындары Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту 26-декабрда чыгарган бул өкүм менен макул эмес экенин билдиришти.

"Абдусаттор "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот адилетсиз чечим чыгарды, биз өкүм менен макул эмеспиз. Сот отурумунда Абдусаттор өзүнө тагылган айыптарды негизсиз деп атады", – деди блогердин бир тууганы Абдукарим Пирмухаммадзода.

Белгилүү журналист жана блогер Абдусаттор Пирмухаммадзоданын соту13-октябрда башталган. Октябрдын аягында ал тергөө абагынан кат жазып, түрмөдө кыйноого кабылганын билдирген.

"Кайсы бир учурда ток менен кыйнаганынан жашагым да келбей кеткен. Милиция кызматкерлери менен тергөөчүлөр мени ур-токмокко алып, "жасалма айыптоолорду" мойнума алдырууга аракет кылышты. 8-9 күн кыйнап, кемсинтип, толук изоляциялап, үй-бүлөмдү айтып коркуткандан кийин кылбаган кылмышты мойнума алууга аргасыз болдум. Физикалык басым алдында "оппозиция лидери Мухиддин Кабири менен байланышта болуп, аны менен Тажикстанда революция кылууга даярдык көргөм" деп камерага айтып бердим", – деп жазган ал.

Кезинде Тажикстандын мамлекеттик телеканалдарында иштеген 44 жаштагы Абдусаттор Пирмухаммадзода акыркы жылдары блогерлик менен алектенип, 40 миң катталуучусу бар YouTube каналын иштетип келген. 9-июлда ал Вахдат шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган.

XS
SM
MD
LG