Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшанда мурдагы депутат 6,5 жылга эркинен ажыратылды


Тохир Абдолбеков
Тохир Абдолбеков

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун мажилисинин экс-депутаты, Хорог шаарынын турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын мурдагы башчысы Тохир Абдолбеков 6,5 жылга эркинен ажыратылды.

Хорог шаардык сотунун өкүмү 22-декбарда чыккан, бирок ал тууралуу бүгүн гана белгилүү болду.

"Озоди" радиосу өз булагына шилтеме кылып кабарлагандай, өкүм окулуп жатканда соттолуучунун адвокаты болгон эмес. Абдолбеков "Экстермисттик коомдоштукту уюштуруу", "Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товар жана продукцияларды өндүрүү, сактоо жана сатуу" беренелери боюнча айыптуу деп табылды.

Тохир Абдолбеков быйыл ноябрда кармалган. Жакындарынын айтымында, ал май айында Хорогдо болгон акциялардын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүүгө айыпталган.

Тохир Абдолбеков – жарандык активист Ораз Вазирбековдун күйөө баласы. Душанбе шаардык соту 5-ноябрда Ораз Вазирбековду 16 жылга эркинен ажыраткан.

Декабрдын башында Тажикстандын Жогорку соту бир жуманын ичинде Тоолуу Бадахшандан чыккан бир нече жарандык активистти узак мөөнөттөргө соттогон. 9-декабрда "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, активисттер Ульфатхоним Мамадшоевага, Хурсанд Мамадшоевге, Фаромуз Иргашевге, Манучехр Холикназаровго жана Хушруз Жумаевге карата өкүм чыкканын кабарлаган. Алар "Жапырт башаламандык уюштуру", "Бийликти кулатууга чакырык жасоо" жана "Экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Соттолгон активисттердин баары тең Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Хорог шаары жана Рушан районунда болгон май айындагы окуялардан кийин кармалган.

XS
SM
MD
LG