Ссылки доступа

Кемпир-Абад иши: Абактагылардын дагы тогузу камакта калды


Бишкек шаардык сотунда 27-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын карап жатат. Саат 12:20га карата атайын кызматтын мурдагы төрөгасы Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчылар Кубанычбек Кадыров жана Улукбек Маматаевдин бөгөт чарасы каралып, баары тең камакта калды.


Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун аларды келерки жылдын февралынын ортосуна чейин камакта калтыруу тууралуу чечимин өзгөртүүдөн, жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Бүгүн эртең менен шаардык сот алты кишини абакта калтырган.

Алар: Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдакматов, Али Шабдан жана Илгиз Шаменов. Жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасы жактоочу келбей калганына байланыштуу 29-декабрга жылды.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Камактагылардын 14ү каршылык иретинде ачкачылык кармап жатат. Буга чейин үч киши ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткон.

Ички иштер министрлиги камактагы адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар алардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Жакында "Кабар" агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

XS
SM
MD
LG