Ссылки доступа

Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин каза болгон балдардын саны 18ге жетти


Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин каза болгон балдардын саны 18ге жетти. Бул тууралуу өлкө акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жизак, Кашкадарыя, Навои жана Самарканд облустарындагы бейтаптардын үчөө айыгып үйлөрүнө чыкса, 18и чарчап калган. Алардын 15и үч жашка чыга элек болсо, калганы алты жашка чейинки курактагы балдар болгон.

"Бейтаптардын туугандары балдарынын абалы аталган дарыны ичкенден кийин начарлап кеткенин айтышкан. Дарынын нускамасында эки жаштан өткөн балдарга берсе болору жазылган. Ошол эле маалда башка фирмалардын ушундай дарыларында 12 жаштан кийин ичүүгө болору көрсөтүлгөн", – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Буга чейин Индиянын Marion Biotech Pvt. Ltd компаниясы өндүргөн бул дарыны ичкенден кийин 15 бала каза болгону кабарланган.

15-декабрда Самарканд облусундагы Балдардын көп профилдүү медициналык борборунун башкы дарыгери Д.Азизов облустук саламаттык сактоо башкармалыгына кат жөнөтүп, "Док-1 Макс" дарысын ичкен 21 балада "бөйрөктүн бузулушунун, бөйрөк жетишсиздигинин" белгилери пайда болгонун жазган.

Бул окуялардан кийин 22-декабрда Өзбекстандын аймагында "Док-1 Макс" дарысын сатууга убактылуу тыюу салынган. Саламаттык сактоо министрлиги Самарканддын дарыканаларынан алынган "Док-1 Макс" дарыларын экспертизадан өткөрө баштаган.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG