50 жаштагы Бахром Хайдаров "Каражатты ээлеп алуу же коромжуга учуратуу аркылуу уурдоо", "Кызматынан кыянат пайдалануу", "Кылмыштуу жол менен алынган каражаттарды адалдаштыруу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.
Хайдаров 10 жылга соттолуп, 3 жылга жооптуу кызматтарда иштөө укугунан ажыратылып, 85 млн сум же 7,6 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
Бул иш боюнча Анжиян шаарынын мурдагы прокурору Курбонали Аскаров 10 жыл 6 айга түрмөгө кесилди. Дагы бир катар мурдагы аткаминерлер 4 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылды.
Маалыматка караганда, айыпталуучулардын аракетинен улам мамлекетке келтирилген 63 млрд сум чыгымдын 16 млрд суму казынага кайтарылды.
Мурдараак Анжиян шаарынын мурдагы башчысы Бахром Хайдаров 2017-2019-жылдары Анжиян облусунун каржы башкармалыгын жетектеп турганда ири суммадагы бюджеттик акчаны уурдоо шеги менен кармалганы кабарланган.