Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынан "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, ушул тапта төрт киши ачкачылык кармоону улантып жатат. Мекеме алардын аты-жөнүн айткан жок.
Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Көбү 13-декабрдан тартып каршылык иретинде ачкачылык кармап баштаган.
Ички иштер министрлиги камактагы адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.
Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.
Милиция кармалгандар алардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.
Жакында "Кабар" агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.