Шаардагы 48 172 абоненттин эсебине болжол менен беш миң тенгеден (11 доллардын тегерегинде) акча которулары күтүлүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.
Казакстандын түндүгүндө жайгашкан Экибастуз шаарында 27-ноябрда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) агрегаттын түтүктөрү жарылган. Авариянын айынан 30 градус суукта шаардын 150 миңдей калкы жылуулуксуз калган. Калаада өзгөчө кырдаал жарыяланып, облус башчысы иштен алынган.
Өзгөчө кырдаал 8-декабрда алынган. Көптөгөн үйлөрдө суу жана канализация түтүктөрү тоңуп калган. Анын кесепетинен шаардагы жүздөгөн батирлер ремонтко муктаж.