Ссылки доступа

Орусияда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерине шакек белекке берилди


Санкт-Петербургдагы бейформал саммитте КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерине атайын даярдалган “клуб шакектери” тапшырылды. Бул тууралуу Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун басма сөз кызматына жакын Pool of First Telegram каналы билдирди.

"Фонтанка" басылмасы кабарлагандай, шакектин ортосунда КМШнын эн белгиси, ичине "Жаңы 2023-жылыңыз менен" деп жазылган.

Санкт-Петербургдагы жолугушууга Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путинден тышкары Кыргызстандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Казакстандын президенттери, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Бейформал саммит 26-27-декабрда өттү. Владимир Путин КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда пикир келишпестиктер бар экенин, бирок эң негизгиси алардын “кызматташууга даярдыгы” экенин айтты.

Орусия Украинага басып киргени Лукашенко Москваны колдоп келатат. Бул согушту Борбор Азиядагы бир да мамлекет ачык айыптаган да, жактаган да жок. Калыс позицияны карманып келатканын айткан чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн башчылары согуш башталгандан бери орус президенти менен бир канча жолу жолугушту.

Видео

XS
SM
MD
LG