Ссылки доступа

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларын 21 киши уюштурган деп эсептейт


Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларын өлкөнүн ар кайсы аймактарында 21 киши уюштурган деп эсептейт. Бул тууралуу мекеменин Атайын прокурорлор кызматынын башчысы Ризабек Ожаров билдирди.

Анын айтымында, уюштуруучу катары шектелип жаткан адамдарга "Жапырт башаламандык" жана "Курал-жарак уурдоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон.

Ожаров жыл башындагы окуяларды кайсыл бир күчтөр уюштурганынан "эч кандай күмөн жок экенин" билдирди. Ошол эле маалда ал учурда тергөө иштери жүрүп жатканын белгилеп, алар кайсы күчтөр экенин тактап айткан жок.

Журналисттер башаламандыктарды уюштургандар сырттан келгени тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевдин сөздөрүн эске салып, алар кайсы өлкөдөн келгенин сурашты. Башкы прокуратуранын өкүлү учурда ал боюнча маалымат жок экенин айтты.

Ожаров Январь окуялары маалындагы адамдардын өлүмү боюнча күч түзүм кызматкерлерине каршы "Адам өлтүрүү" эмес, "Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу" беренеси менен кылмыш иштери козголгонун кошумчалады.

Июнь айында Башкы прокуратура Январь окуяларын 27 киши уюштурганын билдирген.

Казакстандын батышында суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери быйыл 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 238ге жеткен. Бул окуялар боюнча жалпы 10 миңдей адам кармалганы, алардын көпчүлүгү кийин кайра бошотулганы кабарланган.

Президент Касым-Жомарт Токаев нааразылык акциялардын катышуучуларын "кылмышкерлер жана адам өлтүргүчтөр" деп атап, Казакстан "Борбор Азиядан жана Жакынкы Чыгыштан келген 20 миң террорчунун кол салуусуна кабылганын" айтып, аларга эскертүүсүз ок чыгаруу буйругун берген. Ошол эле маалда ал бул сөздөрүнө эч кандай далилдерди келтирген эмес.

Казакстандын бийлиги Январь окуялары боюнча көз карандысыз иликтөөлөрдү жүргүзүү тууралуу эл аралык укук коргоо уюмдарынын бир нече жолку чакырыктарын четке каккан.

Видео

XS
SM
MD
LG