Маалыматка караганда, "Аль-Афаж" транспорттук компаниясына таандык Mercedes-Benz автобусунун айдоочусу үргүлөп кеткен.
Кырсыктан жабыркаган өзбекстандыктарга Мединанын жанындагы ооруканада алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Калгандары Мединадагы мейманканага жайгаштырылган. Автобуста жалпысынан Өзбекстандын 50 жараны болгон.
Абалды Өзбекстандын Жиддадагы башкы консулдугу өз көзөмөлүнө алды.