Ссылки доступа

Душанбеде классташын сабаган деген шек менен бир нече өспүрүм кармалды


Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгы курдашын катуу сабаган деген шек менен бир нече өспүрүмдү кармады.

25-декабрь күнү кечинде соцтармактарга топтошкон балдар бир өспүрүмдү сабап жатканы тартылган видеотасма жарыяланган.

Мекеменин билдирүүсүндө канча өспүрүм кармалганы так жазылган эмес. Бирок Интернеттеги видеодо болжол менен 10 бала бар экенин, алардын төртөө курдашын сабап, экөө видеого тартып, калгандары карап турганын көрүүгө болот.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 30-ноябрда Душанбенин Фирдавси көчөсүндө болгон. Шаардагы мектептердин биринин окуучулары өз классташын сабап, аны видеого тартышкан.

Учурда бул факты боюнча алдын ала териштирүү иштери жүрүүдө. Азырынча кармалгандар же алардын адвокаттары менен байланышууга мүмкүн боло элек.

XS
SM
MD
LG