Ссылки доступа

Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкен балдардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган "Док-1 Макс" дарысын ичкен 18 баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Билдирүүдө шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени айтылган. Бирок канча адам камалганы жазылган эмес.

Тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгы жүгүзүүдө.

Билдирүүдө экспертизадан өткөн сироп нормативдик документтердин талаптарына жооп бербей турганы белгиленген.

Күн мурун Өзбекстанда 18 баланын өлүмүнө алып келген "Док-1 Макс" дарысынан этиленгликоль табылганы айтылган. Анын 95 пайыздык эритмесинен 1-2 мл пайдаланганда адамдын организминде олуттуу өзгөрүү пайда болот.

Текшерүү аныктагандай, "Док-1 Макс" ширесин ичкен 21 бала курч респиратордук оору менен ооруканага жаткырылып, алардын 18и чарчап калган.

XS
SM
MD
LG