Маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматы да ырастап, бирок тергөөнүн купуялуулугуна таянып иштин чоо-жайын билдирген жок.
Телеграмдагы Kozachkov offside каналынын автору жана "Время" гезитинин журналисти 18-декабрда кармалган. Журналист экс-президенттин иниси Болат Назарбаевдин "жардамчысы" аталган Елдос Коспаевдин кылмыштуу тобунун рейдерлик ишине көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Тергөөнүн версиясына ылайык, Коспаев рейдерликти ишке ашыруу үчүн жабырлануучуларга каршы маалыматтык чабуулда Козачковдун кызматынан пайдаланган. Маалыматта мындай кызматы үчүн ал "уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнөн" 52 миллион теңге (112 миң доллар) алганы айтылган.
Журналист өзүнүн адвокаттары аркылуу айыптоолорду четке каккан. Козачковдун кесиптештери анын кармалышын профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштырышкан.
20-декабрда Алматынын тергөө соту Михаил Козачковду 2023-жылдын 18-февралына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Журналисттин адвокаттары ал чечим боюнча апелляциялык арыз беришкен.
Мурдараак Казакстандын журналисттер биримдиги укук коргоо органдарын "өлкө мыйзамдарын, анын ичинде жазыксыздык жоромолун сактоого", ошондой эле Козачковдун ишин объективдүү кароого чакырган.
Башкы кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) белгилүү журналисттин кармалганына тынчсыздануусун билдирип, ал "мамлекеттик аткаминерлерди, укук коргоо органдарын жана колунда бар ишкерлерди жемкорлукка айыптаган макалаларды чыгарып келгенин" белгилеген.
19-декбарда "Адил сөз" уюму президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жолдоп, журналист Михаил Козачковдун конституциялык укуктары бузулуп жатканына даттанган. Уюм тергөө жана сот эл аралык стандарттарга шайкеш, адам укуктарын сактоо менен өтүшү керектигин белгилеп, журналистти токтоосуз бошотууга үндөгөн.
Жооп катары президенттин басма сөз катчысы Руслан Желдибай соцтармактардагы баракчасына бул резонанстуу иш Казакстандын мыйзамдарына шайкеш укуктук талаада каралып жатканын жазган.
19-декбарда журналист Вадим Борейко Фейсбуктагы баракчасына Михаил Козачковдун кайрылуусун жарыялаган. Анда каттын автору "өзүнүн камалышын – Каржы көзөмөл агенттигинин жетекчиси Жанат Элимановдун жеке өч алуусу" деп атаган. Журналист Элиманов жубайы жөнүндө жазылган макалага ызаланып жүргөнүн жазган.
Казакстан "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун сөз эркинди боюнча ар жылкы рейтингинде быйыл 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга жайгашкан.