Ссылки доступа

Рахмондун күйөө баласы расмий түрдө Улуттук банктын башкармалыгынын курамынан чыгарылды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 13-декабрда кол койгон жарлыгы менен күйөө баласы Жамолиддин Нуралиевди Улуттук банктын башкармалыгынын курмынан чыгарды.

45 жаштагы Нуралиев Улуттук банктын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан быйыл июндун башында алынган.

Август айында "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, Рахмондун күйөө баласынын кызматтан кетиши президенттин үй-бүлөсүндөгү жаңжалга байланыштуу экенин, жакында ал башка кызматка дайындаларын билдирген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин анын жаңы кызматы боюнча эч кандай маалымат айтыла элек.

АКШда билим алып, Тажикстандын банк системасынын "архитектору" аталган Жамолиддин Нуралиев тажик өкмөтүндө "батышчыл" деп эсептелет. Акыркы жылдары ал эл аралык каржы институттарындагы тажрыйбасына таянып, Эл аралык валюта корунан жеңилдетилген насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мурдараак ал Эл аралык валюта корунун болжолдуу талаптарынын көбү аткарылганын жана "Кеңейтилген насыя механизми" программасын калыбына келтирүү маселеси карала баштаганын айткан. Тажик бийлиги бул насыя уюмунун талаптарын аткаруу менен өлкөдөгү эки көйгөйлүү банкты ("Тажиксодиротбанк" жана "Агроинвестбанк") жоюу маселесин чечип, "Борки точик" энергохолдингин кайра уюштуруунун алкагында эки жаңы акционердик коом түзгөн – "Жеткирүү электр түйүндөрү" жана "Бөлүштүрүү электр түйүндөрү". Бирок буга карабастан Тажикстан дале болсо Эл аралык валюта корунан жеңилдетилген насыя ала элек.

2008-жылы Эл аралык валюта кору Тажикстандын Улуттук банкын 47 миллион доллар насыя алуу үчүн туура эмес маалыматтарды берген деп айыптаган. Анда тажик банкы күнөөсүн мойнуна алып, ал насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөп бүтүүнү убадалаган. Бул окуядан кийин Эл аралык валюта кору Тажикстанга ири өлчөмдө насыя берүүдөн карманып, өлкөнүн түрдүү түзүмдөрүн өнүктүрүүгө техникалык жардам бербей келет. Жамолиддин Нуралиевдин бул эл аралык каржы институту менен тил табышуу аракетинен майнап чыккан эмес.

Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкында иштеп турганда өлкөдө төрт банк банкротко кептелген. "Тажиксодиротбанк", "Агроивестбанк", "Фононбанк" жана "Тажпромбанк" коммерциялык банктардагы көйгөйлөр мурда эле башталган, бирок алар банкротко кептелип, мүлктөрү сатылган учур Нуралиев иштеп турган маалга туш келген. Бүгүнкү күнгө чейин бул банктардын жүздөгөн кардары өз акчаларын ала албай келишет.

Мамлекеттик баалуу кагаздардын (евробонддор) эл аралык каржы базарларында сатылышы – Жамолиддин Нуралиевдин жетекчилиги менен ишке ашкан долбоорлордун бири болуп эсептелет. 2017-жылы күзүндө тажик баалуу кагаздары дүйнөдөгү башкаруу фонддоруна, анын ичинде АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүн инвесторлоруна сатылган. Евробонддор Рогун ГЭСин куруу үчүн 500 миллион долларга сатыкка чыгарылган. Анда экономисттердин көбү баалуу кагаздар өлкөгө пайдасыз 7,125% менен коюлганын сынга алышкан. Бирок Эмомали Рахмон бул иши үчүн күйөө баласын мактап, евробонддордун сатылышы "чет өлкөлүк инвесторлордун өлкө экономикасына болгон ишениминин далили" экенин айткан.

Рахмон 2019-жылы май айында банк системасынын жумушчулары менен жолукканда Улуттук банктын ишин сындап, анын жетекчилигин "мамлекеттин ичинде мамлекет түзбөөгө" чакырган. Ал банктын жооптуу кызматкерлери айрым учурларда жакындарына күрөөсүз насыяларды берип, жыйынтыгында алар кайтарылбай калганын айткан. Президенттин бул сынынан кийин Улуттук банктын жетекчилерине, анын ичинде Жалолиддин Нуралиевге сөгүш жарыяланган.

XS
SM
MD
LG