Ссылки доступа

Президент Жапаров мамлекеттик кызматкердин маянасы 100 миң сомго жетип жатканын айтты


Кыргызстанда бюджеттен каржылануучу кызматта иштегендердин айлык маянасы 100 миң сомго жетип жатканы Министрлер кабинетинин президент катышкан 28-декабрдагы жыйынында айтылды.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлер алып жаткан маянасына жараша чын ниеттен иштеши зарылдыгын, казынаны толтурууга олуттуу көңүл бөлүү керек экенин эскертти.

"Бардык министрликтер, министрлик гана эмес, айыл өкмөттөн, жөнөкөй адистен баштап мага чейин бардыгыбыз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жанталашып иштешибиз керек. Биз эмне үчүн эмгек акыны көтөрүп бердик? Мына, алды 100 миңден, арты 30-40 миңден алып жатат. Ушунун баарын республикалык бюджетти толтуруп, эки эсе көбөйтүп, ошонун эсебинен берип жатабыз",-деди Жапаров.

Соңку эки жылдан бери Кыргызстанда социалдык жөлөкпул, айлык маяна көбөйтүлүп, аскер, сот жана укук тартибин коргоо кызматкерлеринин эмгек акысынын жаңы деңгээли аныкталды.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы быйыл август айында көбөйтүлгөн.

Ар кандай статистикалык маалыматтар Кыргызстанда жакырлардын саны жыл сайын 7-8% өсүп баратканын көрсөтүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда учурда 2,5 миллиондой адам жакырчылыкта күн кечирип жатат.

XS
SM
MD
LG